Бүгүн, 4-июнда парламентте Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселе жабык эшик артында өтүп жатат. Бул боюнча сунушту өкмөт өкүлдөрү берген. Депутаттар сунушту колдоп беришкен. Ал эми өкмөттүн маалыматы ачык угулуп, суроо-жооптор жабык өтүп жатат.

Белгилүү болгондой, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

2-июнга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагында аңчылык куралдан атылган октон кыргызстандык жаран жарадар болгону расмий маалымдалган. Тажикстандын Чек ара кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.