Вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Нарын шаарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун маалыматы боюнча, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чоң-Нарын каналындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын кесепетинен улам Нарын шаарына караштуу Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон жана Көтөрмө райондорунда жайгашкан 60 турак жайдын короолорун, чарбалык субъектилерди жана жолдорду суу каптаган. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. 

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарды өз убагында бөлүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.