АКШнын президенти Дональд Трамп полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн,  афроамрикалык  Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууну пландаган жок. Бул тууралуу чет элдик  басылмаларда жазылды.

 Маалыматка караганда, Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан атайын муунтуп өлтүрүлгөн. Жекшембиде  Райфорд (Түндүк Каролина штатында) жана Хьюстон (Техас штатында) шаарларында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтмөкчү. Андан соң аны жерге беришет.

Маалым болгондой,Жорж Флойдду кыйноо жолу менен өлтүргөн полиция кызматкери Дерек Човин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылууда.