Кыргыз Республикасындагы саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, стратегиялык өнөктөштүккө бириккендигин жарыялады. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын атынан шайлоого аттанып жаткан саясатчы, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Анын айтымында,  «Жаңы дем» деген ураан алдында бириккенин жана Кыргызстанга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылганын жар салды.

«2020-жыл тарыхка жалпы дүйнөдө жаңы реалдуулуктун башталышы катары киргени жатат.

СOVID-19 пандемиясы абдан чоң экономикалык жана гуманитардык кризистин себеби болуп калды. Пандемиялык шартта глобалдык экономикалык система түп-тамырынан өзгөрүп, эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк базардын структурасы кайра түзүүгө мажбур болду. Планетабызда жашаган адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн социалдык стандарты төмөндөп жатат.
Мындай учурда Кыргыз Республикасы абдан маанилүү тандоонун алдында турат. Биз дүйнөлүк өнүгүүнүн эң акыркы чегинде калып, мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдон чыгарышыбыз мүмкүн. Же болбосо жарандарыбыз көксөп күткөн жаркын келечекти гана эмес, азыр татыктуу, өнүккөн шартта жашаган Кыргызстанды куруу мүмкүнчүлүгү турат.

Бул үчүн азыркыдай экономика кыйын кырдаалга кептелген учурду жаңы мүмкүнчүлүк катары колдонуу зарыл.

Анын алкагында өлкөдөгү башкаруу системасынан тарта саламаттык сактоо, билим берүүгө чейинки багытта радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек.
Биздин өлкө «чагылгандай» тез реформалык чечимдерге муктаж болуп турат. Бул реформанын жыйынтыгын мекендештерибиз 2021-жылдан тарта сезгендей болушу керек.

Бизде өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн саясий эрк гана эмес, административдик, уюштуруу жаатында кандай кадамдарга жасаш керектиги боюнча так көз караш, план бар»,-деди Темир Сариев.