«Фейктер биринчи эмоциядан башталат. Ушул эле кыргыз телевидениесин көрсөк, журналисттер чыкканда маалыматты эч кандай эмоциясыз айтып берет. А фейк информациялар ар дайым эмоция менен коштолот», — деп айтты психолог Рысбек Качкынбай уулу КТРКнын «Ой-Ордо» ток-шоусунун эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ар бир нерседе эмоция. Фейк информациялардын адамдарга өтө таасири бул — “жалган сөз ар дайым таттуу” дегендей, адамдар ишенип баштайт, ишенип калат.

«Эмне себептен ишенет? Анткени, бир мисалды алсак, азыр Казакстанда пандемия чыкты дегенде бизде элдин баары чуркап барып, продуктыларын жүктөп башташты. Бул информациядан улам кыргыздар бизге пандемия келе электе эле алдын ала даярданып башташты. Азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттап баштады. Ар бир информацияны адам кабыл алган сайын өз ич ара анализдейт, анан чечим чыгарат. Чечим чыгарганда адамдын эң биринчи интеллектуалдык деңгээли чоң ролду ойнойт. Адамдын интеллекти канчалык жогору болсо, критическое мышление деңгээли жогорураак болот. Ал информацияны кабыл алганда өзү аны ичинен иштетип, кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенине чечим чыгарганга жардам берет. Эң биринчи, фейк — бул адамдардын багытын, ой-пикирин өзгөртөт, адаштырат», — деп белгиледи психолог.