Лейлек районунундагы кызматкерлердин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Исфана шаарында 42 жаштагы жаран сайлуу “АК-74М” Калашников үлгүсүндөгү 5,45мм калибриндеги ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынат.

Бул маалымат Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Бул туурасында Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Лейлек районунун Исфана шаарынын 42жаштагы тургуну Саркент талаасына жашырып койгон жеринен Калашников үлгүсүндөгү 5,45мм калибриндеги ок атуучу курал 6даана 5,45мм октору менен аныкталып алынган.

Азыркы күндө бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүзүлүүдө. Ал эми кармалган 42 жаштагы жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.