БУУнун Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик теңдик маселелери боюнча түзүмү Япония Өкмөтү менен биргеликте коронавирустан жабыркаган аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча долбоор баштоодо. Бул тууралуу аталган уюмдун басма-сөз кызматы билдирген. Бир жылга созулуучу аталган долбоорго Япония өкмөтү 270 миң доллар бөлүүдө.

Долбоордун негизги максаты – бул экономикалык ишмердүүлүгүн жандандыруусу үчүн айылда жашаган аялдарга колдоо көрсөтүү, потенциалдарын жогорулатуу жана аялдардын жергиликтүү башкарууга катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү. Долбоор Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында жүзөгө ашырылат.

«Биз аялдардын тобу, жарандык коомдун өкүлдөрү жана аялдардын абалын жакшыртуу боюнча иш алып барып жатышкан мамлекеттик структуралар менен тыгыз иш алып барабыз. Долбоор өлкөдө буга чейин иштеп келе жаткан өнөктөштүк мамилелерге жана «БУУ-аялдары» структурасы тарабынан аткарылып келе жаткан акыркы программалык иштерге негизделет», — деп билдирди «БУУ-аялдары» структурасынын Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран.