Бул бирөөгө жараматтанып жазып жатат, дебегиле. Дагы айтам, Аида Салянова менин жердешим. Башка жакындыгым жок. Кимге бул пост жакпаса, окубай эле, мага акыл үйрөтпөй эле коюшуңарды сурайм жана бул элди козута турган пост эмес экенин  да айта кетейин. Жөн гана аялдык көөдөндөгү намысым бар үчүн айтып жатам. Мен Оштук, Нарын, Көл ж.б.деп элди бөлбөйм, менин дос туугандарым бардык жерде, дагы айтам элди «чоңдор» бөлөт. Бизди «пешка» кылып.

    Бир туугандарынын баарын тааныйм, бир көчөнүн кыздарынын бири. Жөнөкөй, баскан турганы орундуу тартиптүү кыз болгон. Бирөө айтат «мисирейип» деп, жалжактап күлгөн неме болсо, «ушул да прокурорго ылайыкпы?» дешмек. Кыскасы, учурунда өзүнүн ишин так аткара билген, жүрүм туруму ошол кызмат үчүн жаралгандай адам эле, чынында. Эми сасык саясатта, бир «олдоксон» бирөөнүн бутуна чалынып жыгылды. Бул күндөр да өтөт. Бектер кетет, бел калат…

Аидага

Бүркөлдү бир аз асманың,

Көрөөрсүң, аны жазганын.

Кудайдан калыс, эч ким жок,

Жардамы тийбес, башканын.

Биз үчүн дале, кыраансың,

Бийиги, бийик асканын.

Кыйшайбай, тике көнгөн кыз,

Тарбия алып, өнгөн кыз.

Тартынбай ишин, түз кылып,

Ак кара айрып, бөлгөн кыз.

Жашынан сыпаа, билимдүү,

Эл журту, жакшы көргөн кыз.

Көп чөөлөр талап турса да,

Карышкыр белден кууса да.

Жолуңдан кайтпай түз баргын,

Арамдар, солго бурса да.

Ийилээр, ак иш сынбастыр,

А караны, кетпейт жууса да.

Аялга аяр, кыргызым,

Тепселди жерде жылдызың.

Ушунча эркек чогулуп,

Кор кылба, кыраан бир кызың.

Жол карап, күткөн сагынып,

Силерге,

Наристе берсин, каргышын.

Өч алат эркек, эркектен,

Муш жеген тентек, тентектен.

Өлгөндөр болгон, эркекче,

Ажалы жетип, келтектен.

Бирок, ушундай кызды аз көрдүм,

Кыз болуп, эрдей эр жеткен.

Беш каман тууган анда жок,

Бек, султан жакын, ал да жок.

Өзүнөн, бийик жасаган,

Бул кыздай кыздар, жанда жок.

Бай билгенди, кул билээр,

Айтсак да, укпас, арга жок…

Жөнөкөй үйдүн баласы,

Агы көп, бир ааз карасы…

Адамдар тегиз, боло албайт,

Болгондур, аз-маз чаласы…

Көмүлгөн «көөгө», бош жүрөт,

Камалбайт неге, карачы???

Атасын туудай, туткан кыз,

Эненин сөзүн уккан кыз.

Жөнөкөй эле, көчөдөн,

Жол салып, бийик учкан кыз.

Бир кезде, далай жемкордун,

Уйкусун түндө, бузган кыз.

Чачы узун, кыска акылы,

Аялга сөз бар, накылы.

А «узун акыл» эркектер,

Камаган кезде жашыды.

Какайып кирди, биздин кыз,

Болбосо дагы, жазыгы…

Энени кимдер кордогон?

 Энесиз айбан болбогон.

Жандар көп экен, дагы эле,

Башына мээси толбогон.

Бир гана, көктө жараткан,

Күн берет, сен да болжогон.

Ошондо көрөөр, алар да,

Кур калбас, мындай «олжодон»…

Оорудан сакта өзүңдү,

Тоспогун окко төшүңдү.

Калыбыңдан жазбастан,

Тике эле, айткын сөзүңдү.

Бул бир аз , турмуш сыноосу,

Чоңураак ачты, көзүңдү.

Мындан да бекем тура бил,

Чөөлөрдөн алып, өчүңдү…

Күлбүбү Байбугуева