СИЗО-1 деги чуу, камалгандардын бири туулган күнүн майрамдады

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кечээ Бишкектеги СИЗО-1деги камактагылардын уюшкандык менен камералардын эшигиндеги темир буюмдарды каккылаган  иш-аракеттерине комментарий берди.

 “Кечээ, 5-июнда, абактагылардын биринин туулган күнү болду. Абактагылардын ортосунда өз ара сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, кечинде алар куттуктоо иретинде  эшикти кагышты. Күндөлүк тартипке ылайык, белгиленген убакытта  СИЗO-1дин администрациясы абактагыларга уктоо мезгили келгенин жарыялаган », – деп билдиришти департаменттен.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча пенитенциардык тутумдарда ушундай  окуялар кездешет.

Эске салсак, кечээ, СИЗO-1ге жакын жашаган тургундар, абакта нааразычылык митинги өтүп жаткандыгын билдиришип, металды соккулаган үн  чыгып жаткан видону социалдык тармактарда тараткан.