Аксы районунда дарбыз бышып, сатыкка чыкты. Анын 1 килограммы 30-40 сомго бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Үч-Коргон айыл аймагынын 27 жаштагы тургуну Айбек Дүйшөбаев быйыл 4,5 гектар жерге дарбыз эккен. Учурда 1 гектар жериндеги дарбыздар бышып, базарга сатыкка алып чыкты. Бирок ал дарбыздын баасы төмөн болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү базарларды Өзбекстан жана Түркмөнстандын мөмө-жемиштери каптап, күн сайын жергиликтүү жашылча-жемиштин баасы төмөндөп жатат.

«Дарбыздардын салмагы 8-10 килограммга чейин жетип жатат. Учурда дарбыздын базардагы баасы 30-40 сомдон бааланууда (1 кг). Былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз жакшы, ошентсе да кардар жок. Анткени Өзбекстан менен Түркмөнстандын жашылча-жемиши келип, алар бир аз арзаныраак сатылат. Биз да ошол баада саталы десек биздин эмгекти, үзүп, жүк ташуучу унаага жүктөп, сата турган жерге алып барган чыгымды актабай деле калат. Мамлекет башчылары сырттан келчү жашылча-жемиштерге бир аз чектөө коюп берсе жергиликтүү дыйкандар үчүн жакшы болмок. Эки-үч күндүн аралыгында бышкан дарбыздарымды үзүп, Бишкекке алып барууну пландап жатам», — деген А.Дүйшөбаев.
Ал эми айрым дыйкандар насыя алып дарбыз айдашкандары бар. Базарда коңшу өлкөнүн дарбыздары каптап кеткени, жергиликтүү дыйкандарга бир топ тоскоолдук жаратууда.

Учурда, Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү азык-түлүк базарда 60 күндө быша турган Кытай дарбызынын 1 даанасы көлөмүнө жараша 50 сомдон 150 сомго чейин сатылууда. Ал эми Ош—Бишкек унаа жолунун жээгинде 1 кг дарбыз 40 сомго бааланып жатканы айтылууда.