Жекшемби күнү расизмге каршы Брюселлде башталган каршылык акцияларына 10 миңден ашык адам чогулуп, ал өз кезегинде дүкөндөрдүн, полицияга таандык машинелердин талкаланышы, тирешүүлөр, камакка алуулар өңдүү көрүнүштөр менен аяктады.
Ал эми Британияда каршылык акциясына чыккан Black Lives Matter кыймылынын өкүлдөрү XVII кылымда жашап өткөн филантроп жана кул сатуучу Эдвард Кольстонго коюлган эстеликти кыйратып салышкан.
Парламент мүчөсү, филантроп жана кул сатуучу Эдвард Кольстон XVII кылымда дал ушул нааразылык акциялары өтүп жаткан Бристол шаарында туулган. Кызыгы, бул өлкөдө бүгүн бир катар мектептер, имараттар жана кайрымдуулук уюмдары анын ысымын алып жүрүшөт.