Кубанычбек Апас Оруссиянын телеканалдарын тезинен жаап, Кыргызстандын ММКларын сапаттуу элге көрсөтүүлөрдү көрсөтүүгө чакырды. Анын айтымында, орус каналдары мамлекеттин ички саясатына кийилигишип жатат деген пикирди. Кубанычбек Апасдын билдирүүсүн толугу менен өзгөртүүсү беребиз.

Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын эгемендиги чоң коркунучта! Мен Кыргыз телерадио, ММК, гезитерге, китептерге жаңы багыт берейин! Оруссия телевидиниясын, радиосун каналдарын кыргыз өкмөтү бүт жабыш керек. Бул ММКлар Кыргызстандын суверенитетине жана эркиндигине каршы Путин курал катары иштетип жатат. 20 жыл ал мааламаттык согуш дүйнөгө баштады, акты каралап, кыйшыкты туз кылып Украинага, АКШга, Европага, Грузияга жетти.

Путиндин саясаты — Улуу Оруссия кайра империя болот. Мурдагы СССРге кирген Кыргызстанды жана башка советик республикаларды басабыз, зордуктап куч менен Оруссия империяга киргизебиз деген мүдөөсү турат. Бирок эч качан буларга Кытайдай саясий укук бербейбиз, кул катары иштетбейбиз. Ошондуктан Кремлде көп адистер, министирлер телерграммаларга империя пропаганда агитация кылууда. Элди зомбу кылып, коркутуп, Путинди Кудай сыякту — жаңы Сталин деп макта жатат. 24 саат, какшап — миллион кулактарга пропаганда шорпосун куюп жатат. Ар бир күн, жума, ай, жылдан-жылга — 20 жылга толду. Жакында Путин телевидениядан кайрылуусунда Орто Азия республикалары Оруссияга кирсе жакшы болот эле деп балп этип коебу. Бул таза терең ойлонгон провокация. Биздин эгемендигибиз чоң коркунучту абалда. Чочун президент биздин ички иштерге кийлигишүүдө. Бул пропаганда профессионалдуу журналистер кылууда. Биздин элибизди зомбу кылып — орус кызыкчылыгына оотуп, Кыргызстан алсыз, жарабайт Оруссия күчтүү, бай, Улуу деп, кээ бир кыргыздардын мээлерин тескери аңтарып койду. Алар Путиндин сөзүн ырдай сүйлөп калды.

Ийи, биздин кыргыздар, тоодо телевизор көрүп, Путинди, Оруссияны мактап, кыргызды жамандап мына сага результат. Ошондуктан бул эң ыңгайлуу инструмент, курал, мээңди оюп, керек болсо эркекти гейге айлантып коет. Кыргыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Оруссия каналдардын жапкыла — эң коркунучту пропаганда. Бул макаланы Кыргыз элим сага арнап жатам. Кыргыз өкмөткө, манкурт болбой терен ойлонгула — кыргызсыңарда.

Мен келечектеги Кыргызстан президенти катары ,сиздерге айтып жатам. Кыргыз телевидениени өнүктүргүлө. Япониядан жаңы аспаптарды алып келгиле. Оруссияны койгула, бул мамлекет аксап азыр Путин деген жуварумбек мамлекетти кризиске төмөн түшүрдү. Акчасын согуштарга жумшатып, элин тоноп, бут дүйнө менен урушуп отурат. А биздин Атамбаев, Жээнбеков кучактап, колун өөп жатпайбы.

Путинди азыр бүт державалар жаман көрүп жатат. Авнтюрист деп. Биз алардан узак болушубуз керек. Бул мактанчаактан, базаны Канттан чыгарышыбыз керек. Орус ММКларды жоюш керекбиз. Өзбекистанга карагыла, Тажикистанга, Казакстанга, Азербайджанга — Оруссия каналдарды эчак эле өчүрүп койгон, ал жакта жок. Татынакай өнүгүп жатат. Анткени аларда улуттук сыймык аларда бар! А биздин эле чоң курсактар эски адаты боюнча орустардын ит куйругу ролун ойноп жатат. Биз Оруссиясыз жашай албайбыз, Москваны угалык. Бут дүйнө менен өнүккүлө. Эркин Кыргызстан 30 жылга толду, балачак курактан чыкты. Папа, мама дебей кадымкедей мамлекетке айланууга муктаж. Алга Кыргызстаным!