Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Дастан Догоев Гарвард университетине окууга өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалымат “Репортер” өкмөттөгү ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

“Догоев АКШдагы Гарвард университетине өткөн экен. Ошондуктан жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Учурда бийлик анын оордуна IT тармагын жакшы билген адис издеп жатат. Эртең премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушка чыгат, ошондо арызга кол коет”, – деген маалымат булак.  Ишенемдүү булак кошумчалагандай, Дастан Догоев радиожыштык сатуудагы коррупциялык ишке башында эле каршылыгын билдирген. Ушуга окшогон коррупциялык окуялар Догоевдин жумушка болгон көңүлүн суутуп, чет-өлкөгө окууга кетүү тууралуу чечим кабыл алууга түрткү берип жатыптыр. Буга чейин ушул эле маалыматты Өкмөттөгү башка булактарыбыз кабарлаган. Бирок Дастан Догоевге байланышканыбызда, ал чет өлкөгө окууга ташыруу жеке маселеси болгондуктан, маалымат берүүдөн баш тартып, жумуштан кетүү тууралуу арыз жазбаганын кошумчалаган. Төмөндө Дастан Догоев менен болгон буга чейинки телефон сүйлөшүүнүн аудиосун сунуштайбыз.