Бир сутка ичинде коронавирус менен жаңы 25 учур катталды. Эки учур чет өлкөдөн келген жарандардан жана 13 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, катталган 10 учурдун кайдан жугузуп алган шарттары белгисиз. Андыктан жарандарды этият болууга чакырды.

“Урматтуу мекендештер, акыркы убакта биз айткан эрежелерди бузуп, беткап тагынбаган, социалдык аралыкты сактабаган жана ооруга кайдыгер караган учурлар көп болууда. Эгер биз мамилени өзгөртпөсөк, санитардык талаптарды сактабасак, байланышты көбөйтө берсек, бул илдет мындан ары да таралып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардыгыңыздар этият болуңуздар”, — деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.