Виртуалдык күч колдонуу оюндары балдарды зомбулукка үйрөтөт

Акыркы жылдары киши өлтүргүч балдар энелердин жүрөк үшүн алууда. Эч ким өз баласынан мындай шумдукту күтпөсө да, акылсыз баланын курманы болуп калуу коркунучун жеңе албай келишет. Көчө мурункудай коопсуз жана коркунучсуз эмес, ал тургай мектептерде да ишенимдүү чөйрө жок.

Мектептердеги адам өлтүрүүлөр, уруштар, ата-энелер тынчын күндөн- күнгө алууда.

Күч колдонуу барган сайын рак оорусу сыяктуу тарап жатат. Тарбия маданияты бир топ жогору замандаштарыбыз балдарды күч колдонуучу оюндардан алыс кармап, мыкаачылыкты чагылдырган фильмдерге тыюу салган күндө да, балдардын рухун коргой алышпай, алардын таза дүйнөлөрү терс нерселерден таасирленүүсүн улантууда.

Эсиңиздерде болсо, Германиянын бир мектебинде болгон “кыргын” дүйнөнү коркунучка салган эле. Албертвилле Лицейинин мурунку окуучусу 17 жаштагы Тим Кретчмер колундагы дүрмөттүү мылтыгы менен келип, туш келди аткан огунун жыйынтыгында он беш лицей окуучусу өлгөн.

Германия коомчулугу ар жылы жарыкка чыгуучу журналдан окуп келген “күч колдонуу” жана “адам өлтүрүү” кабарларынан улам калыптанып калган көз караштары менен баа беришип, азыркы күндөгү жашоонун тири суук окуялары “сезим жетишпестигине” байланыштуу деп келишкен, эми биринчи жолу мындай трагедияны окуп таң калып жатышат. Чындыгында бул окуядагы таң калтырган нерсе, курбуларын кыргынга дуушар кылган өспүрүм полициядан качып, алар кармаганга аз калганда “намыстуу террорист” сыяктуу өзүн өлтүрүшү.

Мына ушул “негизги маселе” замандаштардын көңүлүн буруп, Германия элин таң калтырды. Анткени, ушул окуядан соң Германия калкы жакшы тааныган жана билген “жарым чындык” интернет оюну “накта чындыкка” айлангандай болду.

“Баарыңарды өлтүрөмүн!”

Окуя болуп өткөндөн кийинки күнү жасалган иликтөөлөр замандаштардын жана Германия коомчулугунун чочулап келген шектенүүсүн ачык далилдеди. Медиада басылган алгачкы кабарда, кыргын ээси “жогорку виртуалдык технология оюндарынын” эң популярдуусу “Counter Strike” аты менен бирге айтыла баштады.

Бала тарбиялоодогу тажрыйбалуу адистер, “Бардыгын өлтүрүп кайтып кел” деп таанылган бул оюн баланы “зөөкүр болууга” түртүп, аны “өлүм роботуна” айлантарын жана бул оюнга тыюу салуу керектигин канча жолу какшап келишсе да, Германиянын коомдук пикири бул акыл идеясына эч бир маани берген эмес. Бардыгы ушуга чейин өз баласынын интернет оюнунун таасири менен “күнөө машинасына” айлануусуна ишенишпей келишкен. Бул окуяны чындыкка айланткан Тимини билгендер да бул оюнга тыюу салынышы керектигин айтып жатышты.

“Тим мээнетчил, токтоо жана акылдуу бала эле”

Тарбия адистери карап жаткан негизги талабы божомол менен төмөндөгүдөй болушу керек:

“Интернет менен алаксыган балаңыздын абдан токтоо жана акылдуу көрүнгөнүнө алданбагыла. Өз бөлмөсүндө үн чыгарбастан отурган балаңыздын “баарыңарды өлтүрөмүн” деген виртуалдык оюндар аркылуу “күч колдонуу машинасына айлануу коркунучу бар!”

Албертвилле Лицейинде болгон кыргында немис элин чочуткан нерсе, бул эскертүүлөрдүн минтип чындыкка айланышы эле. Виртуалдык технологиянын тамырына сиңип кеткен “баарыңарды өлтүрөмүн” деген оюндарга берилген бала же чоң киши бул оюндан оңойлук менен кутулбайт. Анткени, оюндун “психологиялык пайдубалы” абдан терең болгондуктан, муну ойногон оюнчулар бир канча убакыттан кийин “психологиялык көзкарандылык” абалына келет. Оюнчулар оюндагы башка “террорист” достору менен “виртуалдык жоопкерчиликти” бөлүшөт.

Виртуалдык жоопкерчилик менен “жарым чындык” жашоосу

Оюн тууралуу сөз кылар болсок, бул азгырыктуу оюн кадимки жандуу адамдар сыяктуу эле, дүйнөнүн төрт бурчунан катышуучулардын биргелешип даярдалган пайдубалынын негизинде ойнолот. Оюнга катышкан ар бир адам биринчи белгилүү бир ат коёт.

Оюнчу тандаган ысымы менен же “террорист”, же террористтер менен күрөшкөн “контр-террорист” каарманы болуп ойной баштайт. Оюнда өзүн террорист тааныткан оюнчу колундагы мылтыгы менен кадимки жан кечердей аракет кылып, “баардыгын өлтүрүү” үчүн күчтүү жашоого өзүн даярдайт. Бул оюндардын башка оюндардан айырмасы, оюн убагында дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда ойноп жаткан достору менен байланышып, башка “жан кечер достору” менен орток жоопкерчиликте аракет кылышат.

Оюн канчалык “виртуалдык” болуп саналса да, оюнчулар чындыкка айлантар “террористтик” аракеттери аркылуу бири-бири менен “чыныгы” байланышта болуп, бири-бирине жоопкерчиликтүү мамиле кылган үчүн, бул оюндарды “жарым чындыкка жакын оюндар” дейбиз.

Оюнга интернет аркылуу кирген адамдар бир канча убакыттан кийин жакын дос боло башташат. Дос болушкандан кийин “террористтердин аракеттерин” улам күчөтүшөт. Улам “ийгиликке жеткен террористтердин” аракеттери топ-топ болуп иштешүүнү жана оюнчулар ортосундагы амалдуу байланыштарды өстүрөт.

Мына ошентип накта тобокелчилик ушул жерде башталат. Бул оюнчулар каршы тараптагы “жандуу адамдарга” сокку урууга террористтик аракеттерин пландоо менен бир жактан чыныгы дүйнөдө уюшулган террористтик аракеттердин амал-укуктарын виртуалдык чөйрөдө чындыкка айландырышат.

Бул азгырыкты жакшылап териштире келгенде, сезим дүйнөлөрү абдан жумшак, түнт жана токтоо балдар каршы тарабындагы террорист досунун таасири менен “карышкыр адамга” айлануу кооптуулугуна учурайт.

Ооба, азыркы убакка чейин Туркия мындай кыргынга дуушар болгон жок. Бирок дал ушул сааттарда интернет кафелеринде олтурган же өз бөлмөлөрүнө бекинген он миңдеген баланын виртуалдык террорист досу менен адам өлтүрүүнүн кубанычында жашап жаткандыктарына ишениңиз. Мындай окуянын Туркияда да болбошу үчүн улуттук деңгээлдеги маалымат берүүчү уюм уюштурулушу керек же виртуалдык технологиянын “этикалык” эрежерин белгилеп, мындай оюндарга тыюу салуулары зарыл.

Педагог Адем Гүнештин “Бала тарбиялоодогу адашуулар” аттуу китебинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН