АКШнын Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында болуп жаткан нааразылык акциясынын катышуучуларына каршы белгисиз айдоочу ок чыгарган. The Seattle Times көз карандысыз басылмасынын билдирүүсүнө караганда айдоочу өз машинеси менен чогулуп турган топту сүзө качырып кирип келип, андагы митингдин катышуучуларын мылтык менен аткылап баштаган.

Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, ок чыгарган адам полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган демонстрациялар али да болсо улантылууда. Расизмге каршы мындай акциялар АКШдан сырткары, Улуу Британия, Франция, Германия, Канада, Япония жана башка мамлекеттерди кучагына камтыган.