Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Максатбек Зикиров 56 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Ал бүгүн, 8-июнда эртең менен оорудан улам ооруканада каза болгон.

«Ош шаарынын мэриясы Зикировдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!», — деп айтылат маалыматта.