Кыргызстанда жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, абитуриенттер учурда атайын иштелип жаткан платформага ЖРТ талондору менен катталып, окууга тапшыра алышат.

“Быйылкы жылы ар бир абитуриент үйүнөн эле, Кыргызстандагы бардык окуу жайларына онлайн режимде талондорун каттоодон өткөрө алышат. Окуу жайга тапшыруу 3 турдан турат. Биринчиси 20-25 июлга чейин жүргүзүлөт. Экинчи туру 27-29-июль, ал эми үчүнчү тур 3-5-августка чейин уланат», –  деди Өмүров