«Кечээ мени Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан чыгарышты, 16 күн бою COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дарыландым. Коронавируска чалдыккан бир дагы адамды көрбөй, тааныбагандыгы үчүн гана бул илдетти жок деп жатсаңыздар, эми мени билесиздер. Бул дарт чындыгында оор жана коркунучтуу. Атайын байкоолорумду жазып турдум, жеке тажрыйбамдын хронологиясын сунуштайм», — деп жазган Павел Исаенко.

Бардык алдын ала чараларын сактагандыгына карабастан, апасы экөө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы, медиктердин эмгеги, оору канчалык оор өткөндүгү тууралуу автордун Facebook баракчасынан окусаңыз болот.