Эртең, 9-июнь күнү саат 08:00дон 17:00го чейин Ош шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясын берүү токтотулат. Бул күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Оңдоп-түзөө иштери Шакиров, Спортивная, Некрасов, Бадыгин, Прядильная, Ташкент, Навои, Курманжан-Датка, 1-май, Курбанов көчөлөрүндө, Жапалакка караштуу Орке, Татар, Тээке айылдарында жана Шакиров көчөсүнүн №4, №6, №8, №9,№11 көп кабаттуу үйлөрүндө жүргүзүлөт.