Кыргыздын намысын коргоп, желегин көп ирет чет жерлерде желбиреткен, спортчу айым Айсулуу Тыныбекованын көйнөк кийип түшкөн сүрөтү көпчүлүтүн алкышына арзыды.

Бул сүрөттү балбан кыз, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, мындай образда сүрөткө түшүүнү өткөн жылдан бери пландап жүргөн.