Москва шаарында коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөр бүгүнтөн тартып алынат. Бул тууралуу Москванын мэри  Сергей Собянин билдирди.

Анын айтымында, бирок жарандар мурдагы жашоо образына бир жылдан кийин кайтып, беткап кийүү режими февраль айына чейин созулушу мүмкүн.

«Москвада «обочолонуу» деп аталган карантин марттын аягында киргизилген. Ага ылайык, тургундарга негиздүү себептер менен гана көчөгө чыгууга уруксат берилген. Автоунаа менен жүрүү үчүн электрондук өткөрмө талап кылынган. 21-майдан тартып жарандардын шаардагы коомдук жайларда беткап жана колкап кийип жүрүүсү милдеттүү болуп калган.