АКШ жана Россия окумуштууларынын Венера планетасына болгон биргелешкен миссияны талкуулоо боюнча жолугушуулары коронавируска байланыштуу 2021-жылдын февраль айына жылдырылды.

Бул тууралуу РАН Космостук изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Людмила Засова РИА Жаңылыктар кызматына билдирген.

Белгилей кетсек, Россия жана АКШ өлкөлөрүнүн биргелешкен илимий тобунун концепциясына ылайык «Венера-Д» космостук аппараты Венера планетасындагы атмосфераны, планетанын үстүңкү кыртышын, ички түзүлүшүн жана курчап турган плазманы комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзөт. Аталган аппаратты учуруу болжол менен 2027-2029-жылдарга пландалган.