Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 9-июнда Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

«Бул маселе өткөн аптада каралышы керек эле. Техникалык себептерден улам өкмөт Юстиция министрлигинен жана Жер агенттигинен корутундуну маселесиз алып келебиз дегенинен күн тартибинен алып, бүгүнкү күнгө койгонбуз. Муну кенен талкуулап, коомчулукка жеткирип койбосок саясатташып кетиптир. 2003-жылы биз «Кант» авиабазасын Орусияга ижарага бергенбиз. Бул келишимдин негизинде 17 жылдын жүзү болуп жатат. 2012-жылы өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы келишимдерди кабыл алганбыз. Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункту гана киргизип жатабыз. Бардыгы ачык-айкын жарыяланып турат. 2012-жылы кабыл алган келишим турат. Биз болгону 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди инвентаризация жасаганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калганына байланыштуу ушул туура эмес болуп калыптыр деп буга кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр киргизилген. 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4 миллион 500 миң доллар акчаны дагы түшүрүү максатында ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Авиабазанын техникалык абалы начарлап, оңдоп-түзөөгө муктаж. Биз оңдой албайбыз, Орусия буга 2 миллиард доллардай каражат жумшайт. Бул мыйзам долбоорунда жер тилкеси тууралуу сөз жок, оңдоп-түзөө болот.

Эгерде ар кандай террордук күчтөр тарабынан мамлекеттин бүтүндүгүнө, эгемендүүлүгүнө коркунуч жарала турган болсо, ушул бириктирилген база коркунучтарды жокко чыгарганга жардам берет», — дейт Пирматов.

Долбоор Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Орусияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.

Ал эми Башкы штаб Орусияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирген.

2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Орусия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын айткан.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.