Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация берилет. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. «Эпидемиологиялык иликтөөлөрдөн кийин комиссия компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алат», — деди ал.

2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы дарыгер-фтизиатр — 59 жаштагы Исмаилов Альберт Жумабекович коронавирустан көз жумган.

Ал апрель айынан баштап пневмония менен ооругандарды дарылап, өзү да коронавирусту жуктуруп алган. Дарылоо процесстерине карабастан, көз жумган болчу.