Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов брифинг учурунда билдирди.

Жылдызбек Исакуловдун айтымында, 53 миллион сомдун ичинен 24 миллиону акчалай түрүндө берилсе, калган 29 миллион сому азык-түлүк түрүндө таратылган.

Эске салсак, коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн өкмөт тарабынан атайын эсеп ачылган. Ага бир нече мамлекеттик органдар менен катар эле жеке жарандар тарабынан да акча которуулар жана азык-түлүктөр элге таратылган.