Кыз кезимде кыйла кыялкеч элем. Өзүм турмушка чыксам кыздуу болсом, чачтары тармал сүйкүмдүү  кыз болсо. Ээрчитип бакчага алып барам, кооз көйнөк кийгизем деп коп кыялданчу элем. Мезгил келип турмушка чыктым. Бирок, биз балалуу боло албадык. 8 жыл чогуу жашап, акыры бала багып алууну чечтик. Балдар үйүнө барып, төрөлгөнүнө 5 ай болгон ымыркайды алдык. Кубанычызда чек жок.   Түнү –күнү үстүнө түшүп карадык. Улам чоңойгон сайын сүйкүмдүү көрүнөт. Кичине кезинде көп билинген эмес, бирок чоңойгон сайын кара тору экени байкалып баштады. Биз жолдошум экөөбү тең ак сарыбыз. Чачтары тармал, кашы-көзү капкара кудум өзүм кыялданган кыз. 5 жашка чыгып калганда апа эмнеге мен карамын да силер атам экөөңөр аппаксыңар деп сурап калды. Мен кичинекейимде сендей кара болчумун, чоңойгондо аппак кыз болосуң деп алдап койдум.  Сыягы кызым өзбек же түрктөрдүн кызы го деп жүрчүм.Көрсө цыгандардын кызы болгон экен. Аны кийин билдим.  Бир күнү ойноп жүрүп апа сен мага ляля алып келесиң деп калды. Оозуңа май дедим. Жыл айланбай уулдуу болдук. Жолдошум ак жолтой кызым деп ого бетер жакшы көрүп жүрдү. Кыял жоругу кызыктай, элбирек-желбиректи кийип тегеренип, бийлеп ырдап, колуна ар түрдүү кооз таккынчактарды тагып алат. Базар аралап калсак да жалтыр-жултур көрүп калса алып бер деп туруп алат. Аябай мээримдүү. Уктап калсам үстүмдү жаап, үй шыпырып, идиш жууп жардам берет. Кээде алдын ала бир нерсени билгендей айтат. Канында бар го деп калам.   Мектепке окуп калганда бала деген бала  экен да биз канчалык жаап жашырсак да сени апаңдар багып алган дешип айтып коюшуптур. Үйгө келип сурап калды апа багып алган деген эмне деген деп. Ал деген сени өстүруп тамак берип, кийинтип ичинтип караганды айтат деп койдум. Ошентсе да, эл оозунда элек жок эмеспи бир күнү баарыбир чындык ачыкталат. Бирөөдөн угуп, шагы сынгыча өзүбүз эле айтсакпы? Кантип айтсак экен деп ойлонуп жатабыз.