МККБнын жетекчилик курамы саясий жана укуктук изилдөө борборунун директору, саясат таануучу, Жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушуу өткөрдү. Бул туралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу тууралуу Өкмөттүн токтомуна ылайык 2019-2020-жылдары Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгын түзүү пландалган. Андан ары пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлүп, ошонун негизинде Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматына кабыл алуу боюнча сынакта, талапкерлерди тандоо боюнча комиссияны жетектеген тандоо комиссиянын төрагасы Тамерлан Ибраимов жана комиссиянын мүчөлөрү Милициянын кайгуул кызматынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө МККБнын жетекчилик курамы өздүк курамдын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кызматкерлердин кызмат учурунда колдонуучу каражаттарын, бирдиктүү формаларын, санариптештирүүнүн алкагында түзүлгөн санариптештирүү байланыш бөлүмүнүн жабдыктарын, кызматкерлердин көкүрөгүндө тагылган видео трекерлерди сактоочу бөлүмдүн ишмердүүлүгүн, укук колдонуу бөлүмүндө эл менен иштешкен райондук бирдиктүү тейлөө терезелеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Өз кезегинде Тамерлан Ибраимов Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына тандоо учурунда баары ачык айкын акыйкат жүрүп, талапкерлердин билимине, жөндөмүнө жана мамлекеттин келечегине кайдигер карабаган кызматкерлерди тандоого басым жасалганын эске алып, азыр бул долбоор жемишин берип, азыр Ош шаарын андан ары башка аймакта да Милициянын кайгуул кызматы башкарлалыгы түзүлөөрү пландалып жаткандыгын билдирди.