Азербайжан өлкөсү коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик режимдин мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн оперативдүү штабына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

«Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана вирустун жайылуусунун көрсөткүчүн эске алуу менен карантиндик режимдин мөөнөтүн 1-июлга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Карантин режиминин талабына ылайык, чек аралар жабык бойдон калат», — деп айтылат маалыматта.

Мааым болгондой, аталган өлкөдө коронавирус инфекциясын 8191 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 98 адам каза болсо, 4606 адам сакайып чыккан.