Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базары 2 күнгө карантинге жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Вице-мэр Татьяна Кузнецованын токтомуна ылайык, «Орто-Сай» базары 10-июндан 13-июнга чейин убактылуу жабылды. Анда дезинфекция иштери толук жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-июнда «Орто-Сай» базары дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, базар убактылуу жабылары маалымдалган.