Коом
Аксыда мөндүр жаады
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 18:20 чамасында кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгыр аралаш мөндүргө айланган. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Мөндүрдүн кесепетинен Кербен шаары менен Кашка-Суу айыл аймагындагы айдоо аянттарына зыян келтирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук ЖК комиссиясы тартылган. Кошумча маалымат берилет.