2010-жылкы июнь коогалаңында курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындарына, жаракат алгандарга, жабырлануучуларга, жалпы беш уюмга акчалай жана материалдык жардам берилди. Бул туралуу  Ош шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

“Беш коомдук бирикме бар, ошолорго мэриянын атынан 50 миң сом берилди,”-деди ал.

Ушундай эле материалдык жардамды облустук бийлик да бергенин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жалал-Абад облусунда жана шаарда июнь коогасынын он жылдыгына карата иш-чаралар 12-июнда өтөт.

Эске салсак, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. Окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.