Бейшеналы Нурдинов ант берүүдө колун койгонду унутуп калды

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутаттар Замирбек Эсенаманов жана Бейшеналы Нурдинов ант беришти.

Жаңы депутат Бейшеналы Нурдинов  ант берүүдө колун койгонду унутуп калды.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана депутат Руслан Чойбеков мандатынан ажыратылды.

Замирбек Эсенаманов Руслан Чойбековдун ордуна, Бейшенаалы Нурдинов Алмазбек Баатырбековдун ордуна депутат болот.