Саясат

Д.Бекешев : “Китепкана кызматкерлери 5 миң сом алат бул уят да”

Бүгүн, 10-июнда Парламентте «Китепканалар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Документте Улуттук китепкананын жетекчилеринин маянасы мамлекеттик кызматчылардын жогорку категориясынын адисинин маянасына барабар деп айтылат. Бирок, бул кызматкерлер эч качан мамлекеттик реестрге киргизилген эмес. Мамлекеттик кызматкерлер тизмеге китепканачыларды киргизип, алардын маяналарын 180 пайызга көтөрүүнү суранышууда.

Эл өкүлү Дастан Бекешевдин айтымында, бүгүнкү күндө китепкананын катардагы кызматкерлери 5 миң сом, ал эми жетекчилери 10 миң сом алышат.

«Өкмөт Улуттук китепканалардын айлыктарын көтөрөбүз деп, бирок андай ишке барган жок. Азыр кандай болуп жатат? Аракеттер болуп жатабы?» — деп сурады депутат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадрбеков бул маселе боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты. 

«Айлыкты буюрса көтөрүбүз, аракеттер болуп жатат. Бул үчүн бир жылга 20 миллион сом акча керек болот экен», — деди Кадырбеков.

Депутат: «Улуттук китепкананын директору 9 миң сом айлык алганы, кызматкер 5 миң сом алганы уят да», — деди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button