Коом

Мектептерге 200 ноутбук берилди

Бишкекте өткөн иш чарада Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштөрү тарабынан Кыргызстандагы мектептерге 200 даана ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду, Ала-Тоо өнүктүрүү борбору жана “НАМА” эл аралык фонду тарабынан берилген ноутбуктар жалпы 57 мектепке бөлүштүрүлөт. Чек арага жакын айылдардагы жана алыска аймактардагы компьютерге муктаждыгы жогору болгон мектептерге басым жасалды.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков министрликтин сунушун кабыл алып, өз убагында жардам колун сунган уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button