Украиналык журналист Ольга Фролованын сөөгү Таиланддын Самуй аралынан табылды. Бул тууралуу «24 каналы» маалымдаган. Pattaya Now порталынын маалыматы боюнча жогоруда аты аталган аралдагы мейманкананын кароолчусу полицияга телефон чалып: -“Жансыз жана бузулуп бара жаткан адам денесин таап алгандыгы” тууралуу кабарлаган.

Окуя болгон жерге жете келишкен полиция кызматкерлери сөөк 25-майда дайынсыз жоголгон 32 жаштагы Ольга Фроловага таандык экендигин аныкташкан. Өздүгүн аныктоо үчүн чакырылган Ольганын күйөөсү Дмитрий Фролов сөөк чынында эле аялына таандык экендигин жана рюкзагында iPhone жана ноутбуктан башка бардык буюмдары түгөл экендигин кошумчалаган. Азырынча кыздын эмне себептен улам каза болгондугу тактала элек.

ММКлардын билдирүүсү боюнча полиция бул иш боюнча 47 жаштагы британиялык Филипп Армстронгду суракка алган. Кызыгы, күбө катары чакырылгандар акыркы мезгилдерде Филип менен Ольганын ортосунда ысык мамилелер болуп келгендигин бироздон белгилешкен.