Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Дастан Догоев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган. Арызга  премьер-министр эс алууда болгондуктан али кол коюла  элек деп билдирди өкмөттөн.

Догоевдин кызматтан кетишинин себеби, АКШда  жайгашкан, дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү университеттердин бири болгон Гарвард университетине кабыл алуусу болгон.

Маалым болгодой бул жылы аталган окуу жайга Догоевден  тышкары  дагы төрт кыргызстандык аял тапшырган.