Өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер бүтүрүүчүлөр үчүн «Алтын тамга» тестин өткөрүү күндөрү аныкталды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, тестке 1 345 бүтүрүүчү катталды.

«Сынакка катышуу милдетүү эмес, ыктыярдуу түрдө болот. Аттестация планшеттердин жардамында тестирлөө формасында өтөт. Планшеттер менен улуттук тестирлөө борбору камыздайт», — деди Исмаилова.

«Алтын тамга» аттестациясы облустук билим берүү борборлорунда өткөрүлөт.

Тестирлөөнү өткөрүү күндөрү:

12-июнь — Баткен жана Талас облустарында;
 13-июнь — Ош облусунда;
14-июнь — Жалал-Абад облусунда;
16-июнь — Нарын жана Ысык-Көл облустарында;

17-июнь — Чүй облусунда;
18-июнь — Бишкекте.