Бишкек шаарынын вице-мэринин билдирүүсү боюнча, райондук администрациялардын башчыларына тийиштүү кызматтар менен биргеликте тиешелүү райондордун аймактарында күнүмдүк рейддерди жүргүзүү тапшырылды. Айрыкча, базарларга, соода борборлоруна, коомдук транспортко жана эл көп чогулган жерлерге көңүл буруу каралууда.

«Белгилей кетүүчү нерсе, шаардык мэриянын негизги иши ишкерлерге салык салуу эмес, ишкердик субъекттерге санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жолу менен борбордун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу болуп саналат», — А.Алымкулов.

Ал эми автобус, троллейбустардын деполоруна жана микроавтобустардын акыркы токтоочу жайларына рейд жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан, 2020-жылдын 1-июнунан 9-июнуна чейин жалпы суммасы 40 000 сомго 40 протокол түзүлгөн.