Социалдык тармактарга түстүү жөжөлөрдүн сатылып жатканы тууралуу маалымат тарап, окурмандардын кызуу талкуусун жараткан.
Сатуучулардын  айтымында, түстүү жөжөлөр Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу алынып келинген. Ал эми жөжөлөрдүн түстүү болушу үчүн жөжөнүн жумурткадан чыгаарына  10-13 күн калганда, жумуртканын ичине боёк кошулат, жөжөнүн жүнү 3-4 айдын ичинде өзү түлөп, боёгу жоголуп, ак түстүү жөжөгө айланат.
Түстүү жөжөлөр учурда 120 сомдон сатылууда. Ал эми жергиликтүү жөжөлөрдүн баасы 35 сомдон башталат.