COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Силердин ар бириңердин ишиңерден, жоопкерчиликтүү мамилеңерден, коюлган милдеттерди сапаттуу ишке ашыруудан, аларды аткарууну көзөмөлдөөдөн жарандарыбыздын саламаттыгы жана өмүрү көз каранды. Дагы бир ирет кайталайм, ишиңерде эч кандай калпыстыктар жана кемчиликтер болбоого тийиш. Бир түзүмдүн жетишсиз иши башка ведомстволордун ишинин көлөмүн арттырууга таасирин тийгизет.  Бирок эң кооптуусу – ооруга кабылгандардын санынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. COVID-19 жайылган учурда ишинде кемчилдик кетирген жооптуу адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Күз-кыш мезгилине жакшы даярдануу зарыл, ал маалда ооругандардын саны өсүшү ыктымал», — деди Кубатбек Боронов. 

Ал ошондой эле белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары коомдук жайларда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлдөп, коомдук унааларга жана таксилерге өзгөчө көңүл буруулары керек.

«Коомдук жайларда, соода аянттарында, коомдук унааларда жана таксилерде санитардык талаптардын сакталышына туруктуу көзөмөл болууга тийиш. Муну менен катар таксилерди жана коомдук тамактануу жайларын тийиштүү дезинфекциялоо шарт. Мендеги маалымат боюнча кафелерде келген адамдардын ортосунда аралык сакталбай жатат, ал эми такси айдоочулары беткап тагынбай жатышат», — деди биринчи вице-премьер-министр. 

Жыйындын жүрүшүндө «Чалдыбар – Автожол» өткөрмө жайынын иши, калкты сасык тумоого каршы эмдөө, медицина кызматкерлеринин потенциалын арттыруу, ошондой эле саламаттык сактоо мекемелеринде инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.