Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургуну, өзбек-кыргыз чек арасында Сох анклавында тургундар ортосундагы жаңжалда жапа чеккен Айтбай Акынов бүгүн көз жумду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине анын туугандары билдиришкен.  

Алардын айтымында, 31-майда Айдаркен ооруканасында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыккан кагылышуудан кийин Айтбай Акынов ооруканага жаткырылган.


«31-майда, айылдын тургундары коомдук жумуш күнүн өткөрүп жатканда, Айтбай Акынов тамак-аш алып келген. Ошол  убакта атышуу башталды. Ал унаасында болуп, окуя болгон жерден дароо чыгып кете алган эмес. Аны кийинчэрээк оорууканага жеткиришкен. Ал жерден  анын инсульт алгандыгын тастыкталган. Акынов 10 күн комада жатып, эсине келбей, бүгүн каза болду », — дешти туугандары.


Маркум 49 жашта болчу, анын артында үч баласы калды.