Дүйшөмбү күнү Ефремов өз автоунаасы менен келатып, Москванын борборундагы Смоленск районунда каршы тилкеде келе жаткан фургон автоунаасы менен сүзүшкөн.

Автокырсыктын натыйжасында фургон автоунаасынын айдоочусу 57 жаштагы Сергей Захаров аттуу курьер ооруканага жеткирилгендигине карабастан алган көптөгөн жаракаттардын натыйжасында каза болгон.

Белгилей кетчү нерсе, Ефремовдун канынан 2,1 промилл алкоголь (болжол менен 1 шише арак), ошондой эле россиялык ММКлардын билдирүүсү боюнча баңги заттары – кокаин жана марихуананын издери табылган.