Орусиянын «1-канал» жана «РТР» телеканалдарын ретрансляциялаш үчүн Кыргызстан жылына 50 миллион сом төлөп жатат. Орус каналдарынын ар бирине жылына 25 миллион сомдон төлөнүп келатканын Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) башкы директору Жайнак Үсөн уулу парламенттин 10-июндагы сессиясында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бекешев ретрансляция үчүн орус каналдарына Кыргызстандын бюджетинен акча төлөнүп жатышын сынга алды.

«Менимче, бул туура эмес. Андан көрө тендер жарыялабайсыңарбы. Башка каналдар ретрансляция үчүн тескерисинче силерге төлөшү керек да,»-деди ал.

КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу Кыргызстанда орус каналдарына жарнама бергиси келгендер көп деген жооп кайтарды. Анын айтымында, эки каналды тейлөө милдети КТРКга өтүп жатканда мыйзамдын негизинде түшкөн жарнаманын эсебинен аларды ретрансляциялоого кеткен чыгым төлөнүшү керек деген талап коюлган.

«Бул каналдар абдан популярдуу. Биздин коомдо рейтинги бар. Жарнама берүүчүлөр да ошол каналдарга жайгаштырууга аракеттенишет,»-деп билдирди. Депутат Дастан Бекешев КТРК жарнамадан жылына 58 миллион сом тапкан учурда, Орусиянын эки каналы боюнча мультиплекс​ үчүн 50 миллиион төлөнүп жатканы акылга сыйбай турганын белгиледи.