АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео кайрадан КЭРди күнөөлөп: «Кытайда бардык диндерге каршы жүргүзүлүп жаткан репрессиялардын мамлекет тарабынан колдоого алынып жаткандыгы өкүнүчтүү. Кытай коммунистик партиясы бүгүн диний лидерлердин бардыгынын өзүнө баш ийүүсүн талап кылууда жана алардын окууларына, практикасына жана динине коммунисттик партиянын догматикасын киргизүүдө»-деп билдирди.

Ошондой эле, ал Синьцзяндагы уйгурларды массалык түрдө камап, тибеттик буддистерди жана «Фалуньгун» сектасын куугунтуктап жаткандыгы үчүн дагы Кытайды күнөөлөп, Кытайда адам укуктары, сөз эркиндиги, диний эркиндик деги эле жок экендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ тарабынан болуп келе жаткан мындай айыптоолорго Кытай көз жуумп келсе, Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШнын өзүндө деле адам укуктары «чеке жылытаарлык» абалда эмес экендигин кыйытты.