Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекети ачылды. Аталган өткөрмө бекети “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында 10-июнда ачылганын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар организминде коронавирус бар-жок экенин аныктоочу экспресс-тест тапшырууга тийиш. Анализи таза чыккан айдоочулар Казакстанга кире алышат.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекети иштеп жатат. Алар: Чүй облусунда “Ак-Тилек”, «Чалдыбар», Таласта «Чоң-Капка» бекеттери.

“Ак-Тилек” менен «Чоң-Капка» чек ара бекеттеринен жарандар жана жүк ташуучу автоунаалар өтө алышат.