Бишкектеги күзөтүү кабинасын унаасы менен сүзгөн  адам окуя болгон учурду эстей албайт. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Акылбек Казакеев билдирди.

 «Башында ал эсимде жок деди, анткени ал мас болчу экен. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармалган адамдын көрсөтмөлөрү боюнча башка маалымат бере албайм ”, — деп түшүндүрдү ал.

 Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин “Бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

 Эске салсак, Land Cruiser унаасынын айдоочусу күзөтчүлөр отурчу кабинаны сүзүп качкан жаран,  Чүй облусунун Кемин районунда кармалган. Ал эки айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга отургузулган.