Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 9
• Ош ш. – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылды. Мындан тышкары Талас облусунан 2 жаран вирус жуктуруп алды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды, алардын ичинен 312 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

2020-жылдын 11-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 129 учурга жетти.
-Стационарда – 473, алардын ичинен реанимацияда – 2
-Ооруканадан чыгарылды – 1630
-Каза тапты – 26