Бүгүн, 11-июнга карата Кыргызстанда дагы 36 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 2129 адамга жеткенин эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 9024 адам байланышкан.

Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1438 адам жатат. Акыркы сутка ичинде 2162 изилдөө жүргүзүлдү.

«Бүгүн катталган жаңы 36 жаранда COVID-19 вирусу тастыкталды. Анын 4 учуру чет өлкөдөн келген жарандардан аныкталган. Калган 19 учур медициналык көзөмөлдө тургандардан табылса, 13 учурдун булагы белгисиз бойдон калууда»,- Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.