ИИМдин “Шумкар” АБП: Жаш кызматкерлер биздин катарга кошулду. “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Ата журтум — алтын бешигим» — дегендей ар бир адам баласынын өзүнүн өмүрүнөн да ыйык, туулуп-өскөн мекени болот. Алтын бешик дегенин себеби ар адам баласы жарык дүйнөгө келгенден баштап мекенибиздин кучагыны бөлөнүп, куштарынын сайраганы менен таттуу уйкуга батып, сууларынын шыңгыр добуш үнү менен уйкудан ойгонуп, мекенибиздин ар бир кубулушуна суктанып жашап келебиз.

Мекенибиздин гүлдөн өнүгүүсүнө, ата-бабалардан келе жаткан салт саананы кийинки муундарга өткөрүп алакандай болгон кыргыз жерибизди, эл-журтубуздун бейпилдигин сакташ ар бир атуулдун ыйык милдети болуп саналат. Мамлекетибиз үчүн кызмат өтөп эл журтунун бейпил жашоосун камсыз кылууга, керек болсо өз өмүрлөрүн да аябоого ант беришип, 2020-жылдын январь айынана баштап Кыргыз республикасынын ички иштер министрлигинин А.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда алгачкы даярдоо курсуна ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полкунан жиберилген 20 курсант аяктап келишти. Курсанттар келген күндөн тарта “Шумкар” атайын багыттагы полкунун жер-жерлердеги бөлүктөрүнө кызмат өтөгө жиберилет жана түзүлгөн графиктин негизинде, атайын окуу жыйындары өткөрүлөт.

Жаш кызматкерлер “Шумкар” атайын багыттагы полкунун негизги кызматтык милдеттерин түшүндүрүү жана аларды ар тараптуу кырдалдарга даярдоо ошондой эле, алгачкы даярдоо курсунан алган билимдерин өркүндөтү жана чыңдоо болуп саналат. Жаңы катарга кошулган кызматкерлерге алдына коюлган милдеттерди так аткарып берген антына бек туруп ата-журттун тынчтыгын жан дили менен сактоого тилектешпиз, — деп айтылат маалыматта.